• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коррупцияга каршы күрөш. Өкмөт үн катты

25 Жетинин айы 2019 17:20 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бажы тутумунда түзүлгөн кырдаал боюнча Өкмөткө журналисттер тарабынан маалымат берүү өтүнүчү көп түшүп жатат. Суроолордун басымдуу бөлүгү кайталангандыктан, биз жалпы түшүндүрмө берүүнү чечтик.

         ЖМКлардагы акыркы маалыматтардан кийин бажы органдарынын иши кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда болуп калды. Бул материалдарда чагылдырылгандардын баары, анын ичинде мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан тыкыр иликтенүүдө. Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине кыска убакыттын ичинде териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ар тараптуу жана терең териштирүү үчүн ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Өкмөт ошондой эле Түркияда чет элдик бизнесмендин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине бардык күчү менен аракеттешүүгө  даяр.

           Белгилей кетсек,  өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюу иши учурдагы өкмөт тарабынан тутумдуу негизде жүрүүдө. Азыркы таптагы коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнүп турат. Ал бажы ишинде кескин өзгөртүүлөргө кадрдык чечимдер аркылуу гана жетишүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Дал ошондуктан МБКда адамдык факторду азайткан, бажы процедураларынын дээрлик бардык баскычтарынын ачык-айкындыгын камсыз кылган электрондук системаларды колдонуу менен көзөмөлдөөнүн жаңы технологиялары активдүү киргизилип жатат. Мисалга алсак, «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилген, жакын арада алардын ишине онлайн-көз салуу жана өтүп жаткан жүктөр тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүндүгү түзүлөт.

         МБКнын натыйжалуу иши  — бул мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтуруу гана эмес. Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси, мыйзамдуулукту сактоо же тилекке каршы, учурда бажычылардын ишинде орун алып, бийликтин коррупцияга каршы күрөштөгү бардык күч-аракетин жокко чыгарган коррупциялык көрүнүштөр болуп саналат. Өкмөт МБКнын тутумун тартипке келтирүү максатын катуу койгон. Биз ушул бекем багытты өлкө президентинин деңгээлинде биримдиктин бажы чек арасында үч жолку көзөмөл киргизүү сунушталган ЕЭАБ боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге жүргүзүп жатабыз.

Количество просмотров: 153