• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коррупцияга шектелип “Түндүкэлектрдин» кызмат адамдары кармалды

28 Жалган куран 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

Электр тармактарындагы коррупцияны иликтөө ишинин жүрүшүндө “Түндүкэлектр” ААКнун кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 39 млн сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 722