• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

KORU чыгармачылык студиясын өрттөөгө шектелген жаран кармалды

18 Баш оона 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уурулукка жана KORU чыгармачылык студиясын өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Бишкек шаарынын Бейшеналиев көчөсүнүн тургуну К.С. аттуу жаран Милициянын кайгуул кызматына арыз менен кайрылган. Анда 17-авгутка караган түнү белгисиз жаран Чүй көчөсүндө жайгашкан «Бир Эки» аталышындагы дүкөндүн эшигин талкалап, ичинен арыз ээсине таандык баасы 15 миң сом өлчөмүндө турган уюлдук телефондордун аксесуарларын жашыруун түрдө уурдап кеткен. Ыкчам издөөнүн натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Б.В. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Жазык кодексиндеги 200-беренесинин («уурдоо») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ушул эле жаран өрт кырсыгын жасоого шектелүүдө. «11-августта Раззаков көчөсүнүн 32-дарегинде жайгашкан балдар көркөм мектебинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке тийиштүү кызматтар барып маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүшкөн.

«Учурда бул жаран эки кылмышка шектелип, Ленин райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 73