Балдар дүкөнүнөн балдар буюмдарын уурдоого шектүү жубайлар кармалышты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-январда Ош шаарындагы балдардын кийимдерин жана оюнчуктарды саткан дукөндө болгон уурулуктар боюнча ал дукөнгө таандык инстаграм баракчасына видеоматериал жарыяланган болчу. Ал видеодого жаш баланы көтөргөн эркек менен аялдын айрым балдар буюмдарын уурдап жатканын көрүүгө болот.
Териштирүүнүн натыйжасында, балдар дүкөнүнөн балдар буюмдарын уурдоого шектүү катары Манас шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Т. Ч. аттуу аял Ош ШИИБине алынып келинди.
«Ал өз көрсөтмөсүндө күйөөсү 1982-жылы туулган Ж.А. менен Манас шаарынан Ош шаарына келишип, ушул уурулуктарды жасашкандыктары белгилүү болду. Жубайлардын бул кылмыштуу аракетине баа берүү үчүн Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Жубайлар Манас шаарында жашашат. Колундагы баласы бешинчиси, 4 айлык. Мурда экөө тең бир нече жолу алдамчылык жана уурулук жасашкандыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан», — деп жазылат маалыматта.