• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте бир нече уурулукка шектелген жаран кармалды

7 Чын куран 202613:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бир нече уурулукка шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Свердлов райондук милициясына Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал анда 1-март күнү саат 18:00 чамасында “Дордой Плаза-2” соода борборунан белгисиз адамдар сумкасынан капчыгын уурдап кетишкенин билдирген. Ичинде 17 миң сом өлчөмүндө акчасы болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган, мурда ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон С.О. шектүү катары кармалды.

Азыркы учурда анын уурулуктардын бир нече фактысына тиешеси бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 104