• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

«Космопарктан» жардыруучу зат табылган жок

25 Баш оона 202412:29 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 24-августта саат 21:10 чамасында Бишкек шаарындагы «КосмоПарк» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге жетекчилик жана ыкчам тергөө тобу жарандардын коопсуздугу үчүн соода борборунун аймагы курчоого алып, имараттагылар эвакуацияланган.

Ошондой эле жерине кинологдор барган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү буюмдар табылган жок. Жыйынтыгында бир сааттын ичинде соода борбору кайрадан иштеп, кызматкерлер жана жарандарга кирүүгө уруксат берилди.

Бул факт каттоого алынды, топтолгон материалдар УКМКнын башкармалыгына жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 76