Бишкектеги оюн-зоок борборунун алдындагы тосмону жеңил автоунаа сүзүп токтоду. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан малымдашты.
Маалым болгондой, окуя 9-мартта саат 06:40 чамасында болгон.
«Hyundai Sonata» унаасын 27 жаштагы Н.Т. (эркек киши) башкарып жүргөн. Автоунаа түндүк багытка бара жатканда айдоочу башкарууну жоготуп, имараттын алдындагы тепкичтердин четиндеги тосмого урунган. Ошол жердеги отургуч, бак жана бетон реконструкция жарактан чыкты. Автоунаа дагы жабыркады, -деп айтылат маалыматта.