• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мас абалында милиционерге кол көтөргөн ЖКнын өкүлү үй камагына чыкты

27 Жалган куран 2020 11:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев мас абалында Патрулдук милициянын кызматкерине кол көтөргөнүн Kaktus media сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя 25-мартка караган түнү болгон. «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан Молдошев милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, из жашырууга аракет кылган. Натыйжада айдоочунун мас экени белгилүү болгон. Милициянын талабына башийбеген Молдошев күч кызматкерлерине кол көтөргөн.

Эрнест Молдошев милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Эрнест Молдошев Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 1871