• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Патрулдук милициянын кызматкери пара менен кармалды

7 Аяк оона 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын ШИИБ Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» кармалды.

«Такталган боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» таанышы менен жең учунан сүйлөшүп алып, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургуну «С.К.Б.» 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок укук коргоо органдары борбордун бул тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын ШИИБ Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын андан ары жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 334