Коомчулуктун кызыгуусунун артышынан улам Кыргыз-Орус Славян университети расмий түрдө Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөнүн тастыктайт, деп билдирди 21-январда КРСУнун ректору Владимир Нифадьев.
Анын айтымында, Жапаров 2006-жылдын 19-майында «Конституционно-правовой статус депутата Жогорку Кенеша» («Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук статусу») деген темада дипломдук ишин «эң мыкты» деген баага жактаган.
«Садыр Жапаровго окуу жайдын бардык студенттериндей эле кыргызстандык жана россиялык үлгүдөгү дипломдор тапшырылган», — деди КОСУнун ректору.
Булак: bilim.akipress.org.