• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кожомкул айылында үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

9 Аяк оона 202410:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Кожомкул айылындагы Пушкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Куткаруу кызматына кечки тогуз ченде өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөн. Тилсиз жоо саат ондордо өчүрүүгө аракет жасалган соң өчө баштаган.

Эске салсак, өрттүн кесепетинен газ жарылып, жанаша жайгашкан үй дагы өрттөнүп кеткен.

Количество просмотров: 88