• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кожошев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп дайындалды

29 Бугу 202211:02 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат ЕЭКтин сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, Кожошевдин компетенциясына Евразия экономикалык биримдигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалаган.

Количество просмотров: 89