• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

4 Кулжа 2022 8:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз делегациясынын Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү 47-жыйналышына катышуусу алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргыз Республикасынын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле долбоордук кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу саналган долбоорлорду кеңейтүү маселеси талкууланды.  

Тараптар Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкы ортосунда 2022-2027-жылдарга өлкөлөр аралык кызматташуу Стратегиясын иштеп чыгуу жана ага тез арада кол коюу зарылдыгын белгиледи.  

Арзыбек Кожошев ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бишкек шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын кеңсесинин ачуу маселеси боюнча кайрылуусун тапшырды.

«Банк өкүчүлүгүнүн ачылышы өлкө үчүн артыкчылыктуу саналган көптөгөн жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берет», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

«Биз Кыргызстан менен ар кыл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда жаңы артыкчылыктуу долбоорлорду аныктоого жана аларды ишке ашыруу ыкчамдыгын жогорулатууга басым жасоо менен кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп белгиледи өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти.  

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб өнүктүрүү фонду жана Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмун эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЭК) курамына кирген Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жакынкы арада Төртүнчү тегерек столду өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 

Кыргыз тарап доктор Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассерди Кыргызстанга сапары менен келип кетүүгө чакырды жана ал сунуш кабыл алынды.

Количество просмотров: 77