Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында 30 жакын маселе каралды.
ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамын бекитти.
Буга катар экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча 4 багытка топтоштурулган чаралардын тизмеси макулдашылды.
Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү дары-дармек каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү чечимин кабыл алышты.
Негизги инновациялар электрондук документ жүгүртүүгө жана дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоодо аралыктан процедура жүргүзүүгө тиешелүү. Биримдиктин рыногуна дары-дармек каражаттарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген жеткиликтүүлүгү боюнча жол-жоболордун үч түрү киргизилди.
Бул фармацевтикалык компанияларга жеткирүү логистикасынын үзгүлтүккө учурашына байланышкан жоготууларды минималдаштырууга жана чыгымдарды каттоодон кийинки баскычка кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында өтөт.