• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда калкты каттоо 25-мартта башталат

24 Жалган куран 2022 14:29 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири – бул калкты жана турак жай фондун каттоо. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, калкты каттоого даярдык көрүү боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, каттоо эртең, 25-мартта башталып, 2-майга чейин созулат жана калкты каттоо 10 жылда бир жүргүзүлөт.

“Тарыхта Кыргызстандагы биринчи эл каттоо 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы жүргүзүлгөн. Аталган схемага ылайык, үчүнчү эл каттоо 2019-жылы өткөрүлүшү керек эле, бирок дүйнөлүк пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган”, — деди ал.

Кожошев белгилегендей, эл каттоо мамлекет үчүн социалдык, экономикалык жана саясий чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Количество просмотров: 77