• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

КР Эл баатыры Абсамат Масалиевдин эстелигине гүлчамбар коюлуп, эскерилди

10 Чын куран 2023 13:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-апрель Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Ага карата Абсамат Масалиевдин Бишкек шаарындагы эстелигине гүлчамбар коюлуп, эскерилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Апсамат Масалиевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров ж.б. бир катар мамлекттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Катышкандар Абсамат Масалиевдин басып өткөн бараандуу жолун эскеришип, анын азыркы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилешти. А. Масалиев өз элинин чынчыл, ак ниет, чыныгы мекенчил уулу катары жалпы кыргыз элине, ошондой эле азыркы кезде өсүп келе жаткан муунга үлгү болоорун айтышты.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров быйыл “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү “ Жарлыкка кол койгон. Мындан улам, өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. «Манас II», эки жолу «Эмгек Кызыл-Туу» ордендери менен сыйланган.

2004-жылдын 31-июлунда 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумдн сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Количество просмотров: 2686