• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мелис Эшимкановдун 60 жылдык мааракесин утурлай эскерүү иш-чарасы өттү

9 Бештин айы 2022 13:40 Бишкек Govori.TV

Эгемен кыргыз журналистикасынын баштоочуларынын бири, журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болсо бүгүн 60 жашка толмок. Эшимкановдун 60 жылдыгы бүгүн 9-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өттү.

Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова уюштурулуп жаткан иш-чара тууралуу айтып берип жатып, бүгүн журналисттин иниси Эрнис Эшимканов экөөнүн ой толгоолору камтылган «Мелис менен Эрнис» аттуу жыйнак жарык көрүп жатканын билдирди.

Ал эми саясий ишмер, КРнын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев Мелис Эшимкановду эскерип, анын аз жашаган өмүрүндө аткарылган иштери, кулк-мүнөзү, адамдык бийик сапаттары тууралуу айтып берди.

Темир Сариев, «азыркы журналистикадагы «мен кыйынмын» дегендин баары Мелистин элегинен өтүп, такшалышкан», деген пикирин кошумчалады.

Мелис Эшимкановдун 60 жылдык мааракесин утурлай уюштурулуп жаткан эскерүү иш-чарасына анын жакындары, санаалаштары, шакирттери катышты.

«Эшимканов элдин эсинде түбөлүккө калат»  деген Асылбек Өзүбеков Эшимкановдун жанында жүргөн убакытта анын мүнөзүндөгү, жүрүм-турумундагы оң гана жактарды көрө алганын айтат.

Количество просмотров: 97