• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде калтырды

28 Баш оона 201811:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлде сактады. Бул тууралуу маалымат жыйынында журналисттерге Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Абдыгулов айтымында Кыргызстанда инфляция төмөн деңгээлде калуу динамикасын улантууда. “2018-жылдын август айында инфляция жылдык мааниде 1% түзгөн”, — деп кошумчалады ал. 2018-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДП 0,2% кыскарган, ошол эле кезде “Кумтөр” кенин эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 2,2%ды түзгөн.

“Экономиканын өсүшү айыл-чарба, курулуш, соода жана унаа тармактарында активдүү байкалууда», — деп кошумчалады Улуттук Банктын төрагасы.

Количество просмотров: 61