Белгилүү «Ювентус» футбол клубунун оюнчусу Криштиано Роналду сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин алар 2016-жылдары эле суйлөшүп башташкан. Ал ортодо Алана-Мартина аттуу кыздуу болууга жетишишкен.
Негизи Роналдунун кызынан башка үч баласы бар. Алгач 2010-жылдары ата болгон. Кийинчерээк, карын эне жалдап, Маттео жана Эва аттуу эгиз балалуу болгондугу көпчүлүккө маалым.