• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу, сурак берди

4 Тогуздун айы 2018 11:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV
Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу, жабырлануучу биринчи келип бетинен апчып алганын айтып, милицияга сурак берди.
Маршруттун айдоочусу, 3-октябрда кармалганын Чүй облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирген.  Анын унаасы короого киргизилип, өзү Москва райондук милиция бөлүмүнө сурак берүү үчүн алынып келинген.
Шоопур, жүргүнчү аял биринчи ачууга тийгендиктен, өзүн кармай албай ушул жолго барганын айтып берди. Бирок, ал кемчилик өзүнөн дагы кеткенин эске алып, мындан ары кайталообосун билдирип, кечирим сурады.
“Мен Бишкек-Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташып иштеймин. Окуя 1-октябрда саат11:30дар чамасында болгон. Кара-Балтадан Бишкекке келе жатып Александровка айылына жеткенде радиом иштеп калды. Анан жанагы аял «Катуу айдабайсыңбы! «Тумар» радиосун койбойсуңбу? Кыргызча радио койбойсуңбу?» — деди. «Менде тарткан радио ушул» деп жооп бердим. Анан ал маршруткадан түшө турганын айтты. Жол киреге эки кишиге деп 100 сом алгам. Келген жерин эсептеп 20 сом кайтарып бердим. Александровкага 40 сом менен келет да негизи. Ал 50 сом берүүнү талап кылганда бербей тырышып туруп алдым. Анан ал бетиме асылып, тытып алды. Мындан улам токтоно албай жиним келип кетти», — деп түшүндүрмө берди айдоочу.
Эскерте кетсек, Бишкек — Кара–Балта жолу боюнча каттаган №302 маршруткада болгон окуянын чакан тасмасы социалдык тармактарга тараган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу «Хост» ЖЧКсында иштеген 58 жаштагы К.К аттуу Бишкек шаарынын тургуну экенин тастыктап, аны сурак берүугө чакырткан эле.

Количество просмотров: 40