Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.
Белгилүү футболист Криштиану Роналду жана анын жубайы Жоржина Турин шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан кыргызстандык кыздын абалын сурап кайтышты. Бул тууралуу врач-онколог Дамира Байзакова маалымдады.

Юна аттуу кыз сөөктөрдүн саркому менен ооруйт. Ал Кыргызстанда дарыланып, азыр Туринде рак менен күрөшүүдө.
Онага «Ювентус» клубунун башка оюнчулары да келген. Алар белектерин тапшырып, сүрөткө түшүшкөн.

Эске салсак, белгилүү футболист Криштиану Роналду бугу чейин көптөгөн кайрымдуулук иштерди кылып келген.