Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башынан бери КРВИнин 78 миң 656 учур катталды, 2021-жылдын ушул мезгилинде 78 миң 368 учур катталган. Ошол эле учурда оорунун 0,3%га өсүшү байкалууда. Оорулардын эң көп үлүшү 14 жашка чейинки балдарда – 48 миң 287 учур (61,3%), анын ичинен 1 жашка чейинки балдарда 7964 учур (16,4%), 1 жаштагы балдарда – 6203 учур (12,8%), 2-4 жаштагылар – 14838 учур (30,7%). 15-17 жаштагылар – 4807 учур (6,1%) 18 жаштан жогору – 25562 учур (32,4%).
«Сасык тумоо жана КРВИ вирустары адамдын респиратордук ооруларын ар кандай оордукта жаратат. Оорунун белгилери кадимки (сезондук) сасык тумоого окшош. Оорунун оордугу бир катар факторлорго, анын ичинде организмдин жалпы абалына жана жашына жараша болот. Ооруга чалдыккандар: улгайган адамдар, жаш балдар, өнөкөт оорулар (астма, диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башкалар) жана иммунитети начар адамдар», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда КРВИ инфекциясын көзөмөлдөө кыйын бойдон калууда: себеби вирустардын жогорку жугуштуулугу жана вирустардын түрлөрүнүн өзгөрмөлүүлүгү.
Эпидемиялык мезгилде жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:
Сасык тумоо жана курч респиратордук оору менен ооруган учурда төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткаруу өтө маанилүү:
«Сасык тумоого каршы күрөшүүнүн бирден-бир далилдүү ыкмасы — бул атайын алдын алуу-вакцина профилактикасы. Оорунун алгачкы белгилери байкалганда дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия — тез жана туруктуу айыгуунун ачкычы», — деп белгилешти мэриядан.
Эске салсак, учурда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды төмөнкү иш сааттар менен кабыл алууда:
— иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
— жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:
Ошондой эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылгандарга консультациялык жардам көрсөтөт.
Бишкек мэриясы вирус жайылып кетпеши үчүн беткап кийүүнү сунуштайт. Ошондой эле ата-энелерге курч респиратордук инфекциянын белгилери бар балдар үйдө калып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана мектептерге барбашы керектигин эскертет.