• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

КСДП фракциясы БШКнын мүчөлүгүнө Жылкыбаевди сунуштады

30 Кулжа 202115:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Жылкыбаевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими бүгүн, 30-июнда КСДП фракциясынын жыйынында добуш берүү жолу менен кабыл алынып, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине жөнөтүлдү.

КСДП фракциясы БШКнын мүчөлүгүнө сунуштоого Марат Матазимов менен Абдыкадыр Султанбаевдин талапкерлигин дагы карашкан.

Количество просмотров: 127