• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Премьерликке Жылкыбаев менен Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө

16 Кулжа 20209:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду көрсөтөрү айтылып жатат. Боронов учурда өкмөт башчынын милдетин аткарууда.
Премьер-министрликке ошондой эле өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиевдин аты аталып жаткан.

Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Көпчүлүк коалиция бүгүн, 16-июнда жыйынга чогула турганы айтылууда. Өкмөт башчынын кызматтан кетүү арызын президент кабыл алгандан кийин, Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция талапкерин көрсөтөт.

Количество просмотров: 606