• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жылкыбаев: Кайра шайлоодо жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк келип жатат

2 Аяк оона 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Алдыда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда жаштарга мүмкүнчүлүк келип жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, жаңы мыйзам боюнча 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

«Буга чейин 21 жашка чыккан өлкөнүн жараны жогорку мыйзам чыгаруу органына депутат боло алса, эми 25 жаштан болуп калды. Шайлоо мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңешке талапкелердин тизмесинде 15% жаштар деген талап бар. 54 талапкердин алдыңкы 25инде жаштардан сөзсүз болуш керек. Негизи жаштар тууралуу көп айтабыз. Бул жолку шайлоодо жаштарга мүмкүнчүлүк келип жатат. Алар саясий күчтөргө курал болуп калбай, ынтымакка келип, реалдуу идеялар менен чыкса болот. Бугүнкү күндө чыныгы күч жаштарда бар. «Люстрация» деген кепти көптөн бери айтып жүрөбүз. Эми мыйзам чегинде ошол нерсени ишке ашырса болот. Мисалы, жаңы жүздөр, мыкты сунуштар менен чыкса аларда мүмкүнчүлүк көп. Анткени 54-тизмеде турган менен 1-орундагылар бирдей шартта турат. Бул жерде шайлоочулар чечет. Керек болсо партиянын лидерлери өтпөй калышы мүмкүн. Ошол себептүү жаштардын биригип чыгуусуна мыйзам ушундай шарт түзүп берип жатат, пайдалануу керек»,-деди Бшкнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 36 депутат бир мандаттуу округдан, 54ү преференциалдык (партияга жана анын тизмесиндеги талапкерге добуш берүү) система менен шайланат. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. Азырынча 18 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Количество просмотров: 190