Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV
“КСДП” партиясы Асель Кодуранованы Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетирет. Бул тууралуу “Калыс Медиа” агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Асель Кодуранованын вице-спикерликтен алуу маселеси бүгүн саат 14:00дө фракция жыйынында каралат. Азырынча себеби белгисиз.
«КСДП» партиясынан депутат болгон Асель Кодуранова 2017-жылдын 1-ноябрында вице-спикер болуп дайындалган.