• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

КСДП партиясында Иса Өмүркуловдун ордун басчу талапкер  азырынча жок

2 Жетинин айы 2018 10:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Иса Өмүркуловдун ордун басчу талапкер  азырынча жок. Андай кудай берген адамды табуу да оңойго турбайт. КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орду көпкө чейин бош калышы мүмкүн. Мындай пикирин  саясат таануучу Марат Казакпаев бөлүштү.
«КСДП фракциясы партия катары эки тарап болуп бөлүнүп калышты. Ошондуктан лидерлик үчүн кандайдыр бир күрөш болуусу күтүлөт. «Социалдемократтарга» бул маселени чечүү оңойго турбайт. Бул кызмат көпкө чейин бош калуусу толук мүмкүн»,-деди Марат Казакбаев.
Ушундай эле пикирин дагы бир саясат таануучу Марс Сариев билдирди. Ал КСДП фракциясын бийлей турган адам эми чыгышы кыйын деп божомолдойт.
“Лидер болгон адамдын кудай берген касиети бар  жана тажрыйбалуу депутат болушу керек. Азыркы курамдагылардын бири да жарабайт. Ошондуктан мындай кырдаалга алардын катарынын ыдырашы таасир берип жатат”,-дейт Марс Сариев.
Ал эми КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина бүгүнкү күндө фракциянын жаңы лидерлигине талапкер жок деп билдирди.
“Мен саясий кеңешке Өмүркуловду бошотуу тууралуу чечимди жолдодум. Ал муну туура кабыл алат деп ойлойм. Биз лидердин маселеси бүгүнкү фракциянын жыйынында чечилет го деп ойлогонбуз. Бирок белгисиз себептер менен токтотуп коюшту. Бул кызматка талапкер азырынча жок. Бирок, бул кызматка кандайдыр бир басымдан коркпогон адам керек. Кандай болгон күндө да сунушталган талапкер саясий кеңеште каралат”,-деди Карамушкина.
Эгерде Ирина Карамушкинага фракцияны башкар деп суранышса, баш тартаарын кошумчалады.
“Мен КСДПнын шаардык бөлүмүн ансыз деле башкарып жатам. Андан сырткары, менин партиянын төрагасынын орун басары деген кызматым да бар”,-деп билдирди.
Булак: Vesti.kg сайты
Количество просмотров: 17