Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Ала-Тоо 24» каналынын Раиса Атамбаева тууралуу тараткан маалыматтын атайы жасалган сокку катары баалады.
«Бул коомдук пикир жаратуу максатында, боло турган митингдин алдында жасалган кара пиардын бир түрү. Так фактылар болгон жок. Атайылап каралоо үчүн жасалган», — деди Жолдубаева.
Эске салсак, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. “Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева аны курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураганын айткан.