• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

КСДП жергиликтүү штабдарын жандандыра баштады. Шайлоого даярдыкпы?

17 Үчтүн айы 201811:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2018.Govori.TV

КСДП партиясы жергиликтүү штабдарын жандандыра баштады. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Ош облусунун Өзгөн шаарындагы партиянын коомдук кабылдамасын ачты.

Ошол эле маалды Кыргызстандын башка аймактарында дагы КСДП партиясынын жергиликтүү штабдары жандынып, активдүү мүчөлөрү жыйналыштарды өткөрө баштаганы тууралуу маалыматтар бар. Ишенимдүү булактар билдиришкендей, КСДП партиясынын жергиликтүү штабдарынын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6 жылдан бери каржылап келген. Бирок, өткөн жылкы президенттик шайлоонун астында каржылоону токтоткон.

Учурда КСДП партиясынын жергиликтүү уюмдарынын жандануу себеби белгисиз. Айрымдар жазда боло турчу чоң саясий окуяларга карата даярдык катары эсептешүүдө.

Количество просмотров: 19