Бүгүн, 16-ноябрда КР президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Ал эми КСДП нын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында Социал-демократтар партиясы өлкө башчыны туулган күнү менен куттуктабайт.
Анын айтымында, Жээнбеков президент болгондон тарта КСДПда болгон ишин токтоткон.
Жолдубаева белгилегендей мындай көрүнүш Атамбаевдин учурунда да болгон. Атамбаев президент болуп турган кезде КСДП анын да туулган күнү менен куттуктаган эмес.