• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КСДПдагы чыр Сапар Исаков үчүнбү?

22 Жалган куран 2018 17:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.03.2018.Govori.TV
КСДП фракциясынын 20-январдагы жабык эшик артында өткөн жыйынында эмне сөз болгонун «Азия ньюс»  гезити өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты. Көрсө КСДПнын жабык эшик артында өткөн шашылыш жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаковдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге даттануусу каралыптыр.
«Мен силерге өкмөттү талкуулоо үчүн келдим, Алмазбек Шаршеновичке премьер-министр Сапар Исаков даттанып атат, ал дайындаган кадрларды силер оппозициядан бешбетер сынга алып атасыңар»,-деп айтып алып, күтүлбөгөн жерден депутаттардын төө бастысында калыптыр.
Бир дагы депутат калбай, Ирина Карамушкина менен Чыныбай Турсунбеков баштап берип, бардыгы өкмөттүн ишин катуу сынга алып, тим эле эзип салышыптыр. Фарид Ниязов блокнотуна бардык айтылган сөздөрдү жазымыш болуп, депутаттарга «сөзүңөрдү кожоюнга жеткизем» деп кыр көрсөткөнүнө карабастан, бирөө дагы Сапарга болушпаптыр.
Иса Өмүркулов: «Биз уят болдук, өкмөттүн бир дагы өздөрү мактана алчу, же биз мактай турган нерсеси жок»,-деп айтыптыр.
Булак: Азия Ньюс
Количество просмотров: 7