• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«КТ Мобайл» мамлекеттик ишканасынын директору алмашты

3 Бирдин айы 2020 13:15 Бишкек Govori.TV

«КТ Мобайл» мамлекеттик ишканасынын директору Мураталы Жакыпов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мирлан Кубаталиев дайындалды. Бул туурасында sputnik.kg жазды.

Кубаталив 29-январда «Кыргызтелеком» ишканасынын башкаруучулугу тарабынан дайындалган. Мурдагы директор Жакыпов өз ыктаяры менен арыз жазып, кызматын тапшырганы айтылат.

Жаңы жетекчи Кубаталиев буга чейин ушул эле компаниянын коммерциялык департаментинин башчысы болуп иштеп жаткан.
Эске салсак, «КТ Мобайл» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги иштебей жатып көп маяна алганы жана директордун орун басары премьер-министрдин бажасынын баласы экени ачыкталган. Компаниянын айланасындагы чырдан улам жетекчилиги кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Salam соода маркасы менен чыккан «КТ Мобайл» уюлдук оператору былтыр август айында ишке киргизилген. MegaCom компаниясынын базасында иштейт, 100 пайыздык акциясына «Кыргызтелеком» ишканасы ээлик кылат.

Количество просмотров: 132