• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«КТ Мобайлдын» баардык жетекчилиги кызматтан кетти

17 Бугу 201912:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

«КТ Мобайл» компаниясынын баардык жетекчилиги өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда «Кыргызтелеком» ААКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында, алгач иштен кетүү тууралуу арызын директордун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу тапшырган. Ага кол коюлду. Кийин отставкага кетүүнү башкы директор Нурбек Мукамбетов чечти.

«Анын арызын дагы канааттандырышты. ЖЧКнын баардык жетекчилиги болгон окуядан кийин иштен кетүүнү чечишти», -деди Эмил Акматов.



Количество просмотров: 22