• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Кто ты, детка?». Мектепке электрондук каттоо системасындагы каталар

11 Чын куран 202220:22 Бишкек Govori.TV

Балдарды бала бакчага жана 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталганын Билим берүү министрлиги кабарлаган.

Бирок, электрондук каттоо үчүн сайтка киргенде бир нече каталар чыгууда. Бул тууралуу айткан ата-энелер анкетаны толтуруудагы туура эмес болуп жаткан учурлардын сүрөттөрү (скриншоттору) менен бөлүштү.

Ал системада берилген биринчи суроо — «Кто ты, детка» деп жылган. Ошол эле учурда орус тилиндеги анкетаны толтурууда жооптун варианттары кыргыз тилинде «Энеси» же «Атасы» деп берилген.

Паспорттун сериясын тандаңыз деп — тизмеге АН жана Я БЫ деп көрсөтүлөт. Ата-энелер ID сериясын кантип тандоо керектигин билбей жатканын билдиришкен.

Количество просмотров: 161