Париж Олимпиада оюндарында бүгүн 66 кг салмакта дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу таймашка чыгып, украиналык атаандашы Богдан Ядовдон утулуп калды.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды. Парижден Олимпиада оюндарын КТРК-спорт түз эфирде көрсөтүп жатат. Кубанычбек Айбек уулу 9-болуп таймашып, жеңилип калды.
Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта 31-июлда таймашка чыгат.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.