Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана
ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду. Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп эмгектенген.
Ал 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кеткен эле.
Бөкөнтаев бул кызматты 2021-жылдын 29-сентябрынан тарта аркалаган.