Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгынан баш тартты
Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгынан баш тартты
20 Аяк оона 2018 10:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына «Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн талапкер Кубанычбек Конгантиев талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында маалым болду.
Кубанычбек Конгантиев талапкерлигин алып салуу боюнча өзү арыз жазган.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы да түзүлдү. Ага КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Республика – Ата-Журт», «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.