• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кубанычбек кызы: Жаштарга үлгү болсом дейм

20 Чын куран 2024 10:43 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Нарын облусунан келген Бегай Кубанычбек кызы.

«Нарын облусунун Айымдардын демократиялык тармагын өнүктүрүү боюнча жаштар канатынын координатору болуп иш алып барам. Келечекте жаштарды туура багытка үндөп, аларга үлгү болуу максатым бар»,-деди Бегай Кубанычбек кызы..

Количество просмотров: 105