• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

21 Чын куран 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу токтомду БШКнын мүчөлөрү 21-апрелдеги олтурумунда кабыл алышты.

Анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазгандыгы такталды.

Жумалиевдин ордуна «Бир Бол» партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.

Буга чейин УКМК Жумалиев жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатын, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергендигин билдирген.

Количество просмотров: 129