Кубат Касейинов Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.
Касейинов Медетбек Маметовдун ордуна дайындалды.
Буга чейин Кубат Касейинов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Ал бул кызматка ушул жылдын 15-мартында дайындалып, 26-августунда бошотулган.