• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Кубатбек Боронов: Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт

7 Баш оона 201914:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Эске салсак, кечээ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

Количество просмотров: 25