Энергетика министрлиги ушул жылдын март айынан тарта калктуу конуштардагы кампаларды көмүр менен камсыз кылууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган министликтин башчысы Доскул Бекмурзаев билдирди.
«Биз шаарлардын мэрлерине, губернаторлорго күйүүчү май базаларын ачуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылдык. Өткөн жылы 10 Howo машинасын сатып алдык, март айына чейин дагы 50 даана келет. Эми кеминде 90 пайыз көмүр менен өзүбүз камсыз болуш үчүн дагы жүк ташуучу, экскаваторлорго заказ берип жатабыз. Түштүктө төрт кенди түштүк аймактарды камсыз кылуу үчүн “Кыргызкөмүр” МИнин балансына өткөрөлү деп жатабыз. Быйыл эки кенди иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар», — деди министр.
Доскул Бекмурзаев белгилегендей, 2022-жылдын кыш-күзгү мезгилине даярдык март айында башталат.
Ал ошондой эле кыштын жылуу болушуна байланыштуу энергетика тармагына жүк аз болгонун кошумчалады.
«Кудай бизге кышкысын жардам берип жатат. Мындан тышкары электр энергиясын керектөөлөрдү бир катар тартипке келтире алдык. Башында баары чектөөлөр киргизилип жатат деп кыйкырып жатышты», — деп түшүндүрдү министр.