Кудайберген Базарбаев министрлер кабинетине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик кызматынын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 14-ноябрда кол койду.
Ал башка кызматка өткөндүгү тууралуу айтылууда.
Базарбаев 2023-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген.