Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Govori.TV» мультимедиялык маалымат агенттигинин 5 жашка толушу менен куттуктады. Өз каалоо-тилектерин айтып жатып, маалымат талаасында агенттик өз ордун так тапканын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө маалымат талаасында бир топ эле агенттиктер бар, ошолордун арасында Govori.TV өзгөчө орду бар. Сиздер болгонун болгондой кылып, так, айкын, эч жакка тартпастан бейтараптуу маалымат бересиңер», — деп билдирди министр.