Мурдагы күйөөсүнүн ырайымсыз зомбулукка кабылган 36 жаштагы Асел укук коргоо органдарына көп жолу кайрылганын, бирок үнү жч бир жакка угулбай койгонун айтып, кыска видеокайрылууга түшүргөн.
Анын билдирүүсүнүн видеосу ага жардам берүү максатында ачылган Instagram баракчасына жарыяланган.
«Кыргызстанга келгенден кийин бул зөөкүр мени жанымды бир күн да калтырган жок, бардык жакка бардым, көп арыз жаздым, укук коргоо органдарына көп жолу кайрылдым, укугум корголгон жок, менин үнүмдү эч кимге жеткен жок»,- дейт ал.