Жабырлануучу буга чейин тосмо арызды мурдагы жолдошунун туугандарынын басымы менен жазган. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова 2-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
«Балдарыңдын атасы», «Жайыңа коёбуз», «Каматпа» деген сөздөр айтылган. Арызды жазып бергенинин башкы себеби, кайын журту балдарды талашпайбыз деген. Муну уккан келин макул болгон»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында 39 жаштагы шектүү Э. А. мурдагы аялын токмоктоп, зордуктаганы үчүн кармалган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен иш козголгон. Айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү менен тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Бирок аялдын тосмо арызынан кийин эркек эркиндикке чыккан.
Жылдын башында, тагыраагы, 31-январда зордуктоо боюнча кайрадан арыз түшкөн. Окуя Селекция айылындагы жабырлануучунун үйүндө болгон. 154-берене менен кайрадан иш козголгон. Жаза процессуалдык кодекстин 96-97-беренелеринин негизинде каралып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу чарасына алмашкан. Иш Сокулук райондук сотуна кароого жөнөтүлүп, кылмышкерди пробацияга өкүм кылган.
27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, келиндин кулак-мурдун кескен кишини зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести.