• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кулак-мурду кесилген келиндин балдарына  психологиялык жардам берилүүдө

26 Аяк оона 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Күйөөсү сабап, кулак-мурдун кескен сокулуктук келиндин балдарына атаы адистер тарабынан көмөк көрсөтулүп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, зомбулукка кабылган келиндин эки баласы бар. Улуусу 16 жашта болсо, кичүүсү 11 жашта.

«Бүгүнкү күндө биздин фонд келиндин балдарына камкордук көрсөтүп жатат. Себеби алар зордук-зомбулукка күбө болуп, психологиясына оор сокку болгон. Мэрия менен биргеликте Аселдин апасы менен балдарын дарыгерлерге көрсөттүк. Балдар азырынча мектепке барбайт, биринчи ден-соолуктарына кам көрүшү керек. Бул үй-бүлө учурда оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат, жардамга муктаж»,-деди ал.

Эске салсак, 20-сентябрда, милиция Селекция аймагында жашаган аял бычакталып, кулак-мурду кесилгенин билдирген. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы күйөөсү кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабыркаган келинге түркиялык хирург акысыз пластикалык операция жасоону убадаласа, кайдыгер эмес жарандар тарабынан каражат чогултулуп жатат.

Келинге жардам берүүнү каалагандар болсо МБанк мобилдик тиркемесине каражат которсо болот. МБанк -0500 20 25 93 (Гульзат О.).

Количество просмотров: 335