• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кулак, мурду кесилген келиндин жакындары судьяларга нааразы

9 Тогуздун айы 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Асел эсине келгенден кийин «нааразымын» деген сөздү айтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда кулак, мурду кесилген келиндин таежеси Айнура Катаганова билдирди.

Анын айтымында, ал жабырлануучу келинге жакын жашайт.

«Кыргызстан светтик өлкө дейбиз. Аселдин окуясынан кийин бизде тең укуктуулук жок экен деген бүтүмгө келдик. Мен ага жакын жерде жашайм. Ал эсине келгенден кийин» «нааразымын» деди. Акыркы соттук чечимден кийин «мага жардам бергиле», «мени өлтүрөт» деп жалдыраган. Ошол жерде судья баш болгон 5 эркек чыканактай кыздын үнүн уккан эмес. Асел Италиядан келгенден кийин шектүү 20 миңге жакын чалуу кылган. Ар бир сөзү «өлтүрөм», «мууздайм» деп коркутуулардан турган. Анын баары сакталган. Сот ошол нерселерди эске алыш керек болчу. Айыл жергесинде сот органдарына элдин ишеними төмөн», — деди ал.

Жыйында жабырлануучу келиндин бир тууган агасы карындашынын укуктары сактабай калганын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Италияга мен чакыргам, өзүм 7 жылдан бери ошол жактамын. 3-4 жыл иштеп, батир алды. Балдарына жакшы шарт түзүп, чакан дүкөн иштетип жаткан. Мурдагы күйөөсү менен жашап жүргөн учурда балдары мектепке барчу эмес. Кичинекей баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болчу. Бул жакта тынчтык бербей койгондуктан Италияга кетүүгө аргасыз болгон. Карындашымдын укуктары корголбой калган», — деди Аселдин бир тууган агасы.

Белгилей кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда зордук — зомбулук маселеси талкууланууда.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган. Ага сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.

Количество просмотров: 156