• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалгандардын тагдыры тууралуу китеп жарык көрдү

31 Жалган куран 202218:48 Бишкек Govori.TV

«Эсимде” изилдөө аянтчасы XX кылымдын 30-жыладында “кулакка” тартылып, Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдүн тагдырын изилдөө максаты менен Украинада сапарда болду. Бул тууралуу тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы билдирди.

Анын айтымында, «Эсимде” изилдөө аянтчасы тарабынан «Чиелеш тагдырлар 2» жыйнагы жарык көрдү.

“Эсимде” аянтчасы бул теманын үстүндө эки жылдан бери иштеп келет. Анын алкагында «Чиелеш тагдырлар 2″ аттуу жыйнак жарык көрдү. Бул жыйнак Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган адамдардын тагдырын изилдөөгө багытталган. Жыйнак сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү жана архивдик булактардан алынган материалдарды камтыды. “Эсимде”  эки жылдан бери 30-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинага депортациялангандар боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. Өткөн жылы Украинага барып оозеки материалдарды чогултуп келдик»,-деди ал.

Количество просмотров: 170