• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кулматов паспорту менен жарандыгы жок калабы?

20 Аяк оона 2018 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек 20.09.2018 Govori.tv
23-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча кайрылган арызынын негизинде Бишкек райондук сотунда угуу башталат.
Жактоочусу белгилегендей, К.Кулматов биометрикалык паспортун 2017-жылы бардык талаптардын негизинде алган. Бирок, мамлекеттик каттоо кызматы 1996-жылы Кулматов паспорт алууга укугу жок болгондугун, ошондуктан андан кийинки жылдары ага берилген бардык документтердин мыйзамдык жактан күчү жок экендигин белгилешүүдө. Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев бул иштер басым менен жасалып жаткандыгын айтууда.
«Чындыгында, паспорт менен жарандуулук бул эки башка укуктук маселе. Бирок, УКМК Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу менен анын жарандыгын дагы жокко чыгаруунун аракетин көрүүдө. Соттун мындай абсурд маселени караганга укугу каралган эмес. Кубанычбек Кулматовдун Россия Федерациясынын жарандыгы жок. Ал Кыргыз Республикасынын жараны гана болуп саналат» жактоочу.
Эске салсак, К.Кулматовго коррупция боюнча кылмыш иши козголгон, кийин 90-жылдары кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деген дагы бир айып тагылган.

Количество просмотров: 30